Садыр Жапаров футбол боюнча команданын башкы машыктыруучусуна көңүл айтты

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүФутбол боюнча Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович. Архив
Футбол боюнча Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2024
Жазылуу
Өлкө башчы мындай кайгылуу күндө улуттук курама команда менен чогуу болгонуна ыраазычылык билдирип, орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшө турганын белгилеген.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров футбол боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Штефан Тарковичке атасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.
Өлкө башчы мындай кайгылуу күндө улуттук курама команда менен чогуу болгонуна ыраазычылык билдирип, орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшө турганын белгилеген.

"Бала кезиңизде спортко болгон шык-жөндөмүңүздү байкап, келечекте белгилүү футболчу болуп чыгышыңызга атаңыздын салымы чоң экенин жакшы билебиз. Жогорку деңгээлдеги футболчу, машыктыруучуну тарбиялаган атаңызга терең таазим этебиз. Алдыдагы оюнга даярданып жаткан учурда тагдырдын оор сыноосуна карабай улуттук команда менен бирге болуу чечимиңизди футболчуларыбыз да, спорт күйөрмандары да, жалпы эле кыргыз эли жогору баалайт деп бекем ишенем. Башкы машыктыруучунун мындай мамилесин түшүнгөн футболчулар алдыдагы мелдеште татыктуу оюн көрсөтөрүнө үмүт артам", — деген Жапаров.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын футболчулары учурда Кытайдын Тайбэй курама командасы менен беттешке даярданып жатышат.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын машыгуулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2024
Ташиев: футболдук командага оюнчуларды тандоонун жаңы системасын түзүү керек
Жаңылыктар түрмөгү
0