Менчик клиникаларда томографияга тартуу баасы арзандатылды

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүКомпьютердик томография кабинетинде изилдөө. Архив
Компьютердик томография кабинетинде изилдөө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2024
Жазылуу
Атайын кызмат клиника башчылары менен бааны жөнгө салуу боюнча жыйын өткөргөн.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Кыргызстандагы медициналык менчик мекемелерде томографиялык текшерүүлөрдүн баасы төмөндөтүлдү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, атайын кызмат клиника башчылары менен бааны жөнгө салуу боюнча жыйын өткөргөн. Анын жыйынтыгында "Юнит-Реактив Фарма", "Медипол", "Томэкс", "Шаншуй Силк Роуд Кейджи", "Альфа МЕД-ЛТД", "Берди", "Медипарк", "Гульмед", "Систем Озел Тыбби Йатырымлар ве Тиджарет", "Юрфа", "Авиценна", "Меди" жана "Веданта" борборлору томографияга тартуу кызматынын баасын 20 пайызга арзандатууга макул болгон. Ал эми "Кортекс" неврологиялык борбору томография баасын 30 пайызга чейин арзандатмакчы.
Эске салсак, буга чейин бир катар менчик лабораториялар изилдөөлөрдүн (анализдердин) баасын 30 пайызга чейин төмөндөткөн. Ал эми "Бонецкий" лабораториясы мамлекеттик медициналык мекемелерде дарыгердин жолдомосу менен барган бейтаптарга 50 пайызга чейин жеңилдетилген кызмат көрсөтүүдө.
Гемодиализ алып жаткан бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2022
Гемодиализ алууда медициналык жабдыктын сапаты да маанилүү. Адистин маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0