Кыргыз музыка искусствосун негиздөөчүлөрдүн бири Шубиндин 130 жылдыгы белгиленет

© Фото / Unsplash / Dolo IglesiasПианинодо ойногон адам. Иллюстративдик сүрөт
Пианинодо ойногон адам. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2024
Жазылуу
Иш-чара 22-мартта саат 14:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти Пётр Фёдорович Шубиндин 130 жылдыгы салтанаттуу белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
© Фото / архив Национальной телерадиокорпорацииСССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти Пётр Фёдорович Шубин
90-летие Кыргыз радио - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2024
СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти Пётр Фёдорович Шубин
Маалыматка ылайык, иш-чара 22-мартта саат 14:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинин 85 жылдыгы да композитордун юбилейи менен кошо белгиленет.
Кош мааракелик иш-чарада музыкалык билим жайынын юбилейине арналган фильм көрсөтүлүп, мектептин тарбиялануучулары кыргыз жана дүйнөлүк композиторлордун чыгармаларын аткарышат.
Петр Шубин – Кыргыз совет композитору, дирижёр, педагог, Кыргыз ССРинин композиторлор союзунун мүчөсү, Кыргыз музыкалык искусствосунун негиздөөчүлөрүнүн бири.
Токтогул Сатылганов менен Александр Затаевичтин скульптурасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2021
Кыргыздар кыр көрсөтүп, казактар баалап. Музыка жыйноочу Затаевич жөнүндө 9 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0