Кыргызстан январь ичи бир тоннадан ашуун алтын сатты

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүАлтын куймалары. Архив
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2024
Жазылуу
Былтыр жыл башында алтын сатылган эмес.
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын январь айында 74,9 миллион долларлык 1 143,5 килограмм алтын экспорттогонун Улуттук статистика комитети билдирди.
Сатып алган өлкөлөр:
Швейцария — 971,5 килограмм;
Гонконг — 172,1 килограмм.
Белгилей кетсек, былтыркы жылдын алгачкы эки айында алтын сатылган эмес, ал эми жыл ичинде жалпы жонунан 20,2 тонна баалуу металл экспорттолгон.
Доллар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2024
Январда Кыргызстандан сыртка 56 млн. доллар которулду
Жаңылыктар түрмөгү
0