Кыргызстанда жол кырсыгынан көз жумгандардын саны азайды

© AP Photo / Rahmat GulЖол кырсыкка түшкөн автоунаа. Архив
Жол кырсыкка түшкөн автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2024
Жазылуу
Жол кырсыгынан көз жумган өспүрүмдөрдүн саны 35,7 пайызга кыскарган.
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстанда жыл башынан бери жол кырсыгынан 82 адам каза болгон. Бул өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 24,1 пайызга аз экенин ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 2024-жылдын 1-январынан 17-мартына чейин өлкө аймагында 1 173 жол кырсыгы катталып, 1 673 киши ар кандай жаракат алып, 82си көз жумган.
"Ушул эле аралыкта өспүрүмдөр катышкан 245 жол кырсыгы катталган. Өткөн жылга салыштырмалуу балдар катышкан жол кырсыктары 15,2 пайызга азайган. Ошондой эле жаракат алгандардын саны 23,5 пайызга, жол кырсыгынан көз жумган өспүрүмдөрдүн саны 35,7 пайызга кыскарган", — деп жазылат кабарда.
ЖКККББ кызматкерлери кырсыктарды алдын алуу максатында рейддик жана профилактикалык иштерди дайыма өткөрүп келери белгиленди.
Шектүүго кол кишен салуу. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2024
Бишкекте тестиер кызды тебелеп кеткен фуранын айдоочусу эки айга камалды
Жаңылыктар түрмөгү
0