Москва — Ош багыты боюнча арзан каттам аткарыла баштады

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүү"Победа" авиакомпаниясын учагы. Архив
Победа авиакомпаниясын учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2024
Жазылуу
Каттамдар күн сайын болору айтылып, билеттер азыр сатыла баштаганы белгиленди.
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту Москва — Ош багыты боюнча каттамдардын саны көбөйүп жатканын айтып, эми Россиянын "Победа" авиакомпаниясы Кыргызстанга арзаныраак каттамдарды аткара баштаарын билдирди.
"Бул авиакомпаниянын учактары Москва ("Внуково" аэропорту) — Ош багыты боюнча 26-апрелден тарта каттай баштайт. Каттамдар күн сайын аткарылмакчы, билеттер азыр сатыла баштады", — деп жазылат маалыматта.
"Победа" — "Аэрофлот" тобунун бюджети чакан авиакомпаниясы. Ал Москванын "Внуково" жана "Шереметьево" аэропортторунда жайгашкан. Авиакомпанияда экономкласстагы кабиналары менен Boeing 737-800 учактары бар. Рейстерди Түркия, БАЭ, Беларусь, Армения жана Өзбекстанга аткарып келет.
Ташкент шаарындагы аба каттамдары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2024
Бишкек менен Оштон Өзбекстанга учак каттамдары көбөйтүлдү
Жаңылыктар түрмөгү
0