Октябрь районун жеке ишкана эмес, "Тазалык" тейлемей болду. Соттун чечими

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Тазалык" ишкананын кызматкери. Архив
Тазалык ишкананын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2024
Жазылуу
Мэрия Октябрь акимчилиги тарабынан келишимди бир тараптуу бузуу мыйзамдуу экенин белгиледи.
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Октябрь районун "БишкекВторРесурс" ишканасы эмес, "Тазалык" тейлейт. Жогорку сот мурунку эки инстанциянын чечимин күчүндө калтырып, "БишкекВторРесурс" ЖЧКсынын доо арызын четке какты.
Борбор калаанын мэриясы белгилегендей, Октябрь райондук администрациясынын 2023-жылдын 14-июнунда катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу боюнча "БишкекВторРесурс" ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимди бузганы мыйзамдуу деп табылды.
Мэрия жалпы келтирилген зыян (мэрия компанияны жарандарды алдаган деп айыптоодо) 46,7 миллион сомду түзгөнүн билдирди.
Муниципалитет келтирилген зыяндын орду толтурулары менен аталган аймактын жашоочуларына кайра эсептөө жүргүзүлөрүн убада кылууда. Бул кандайча ишке ашары азырынча так айтыла элек.
Жолду шыпырып жаткан Тазалык ишканасынын кызматкери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2024
Мэрия түндө иштеген "тазалыкчыларга" атайын жабдуу сатып берди. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0