Алба-далба кийингендер, даават, билимдүүлөр. Жапаровдун кезектеги маеги

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте Курман айтта учурнда адамдар. Архив
Бишкекте Курман айтта учурнда адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2024
Жазылуу
Президент буга чейин бөтөн элдин салт-санаасын, кийимдерин туу тутпай, кыргыздын улуттук каада-салтын урматтап, сактап калуу зарылдыгын белгилеген.
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Дааватка чыккандарды зыңкыйтып кийинтип, сакал-мурутун тегиздеп, кандай гана суроолор болсо жооп бере алган билимдүүлөрдү жиберсек жакшы болот эле. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине интервью берип жатканда айтты.
Ал муфтийди кабыл алганда дааватчылардын кийген кийимин оңдоо, башка өлкөлөрдүн үрп-адатын сиңирбей, улуттук салттарды жайылтуу туурасында айтканын эске салды.
Бул жаатта бирдиктүү тартипке келтирүү, динди туура жеткире билгендерге мүмкүнчүлүк берүүгө токтолуп, бул маселе кыргызстандыктардын, элдин арасынан сунушталып жатканын да эске салган.
"Мен республикабыздын булуң-бурчунан келген кишилерди көп кабыл алам. Өткөндө бир агайды кабыл алдым. Ал киши ушул дааватчылар жөнүндө кеп кылды. "Биздин айылга төрт-беш бала келип даават айтып жүрүптүр, алба-далба болуп кийинип алышкан, анысы аз келгенсип кийимдери кир, жогорку билимдүү эмес, болгону 11-класстык билими гана бар экен. Сакалдары курсагына жеткен. Мен өзүм мугалиммин. Көп жыл мектеп директору болдум, дин боюнча билимим алардыкынан жогору болуп чыкты. Анан ошолор мага акыл үйрөтөбү" дейт. "Аларды уят кылып кетирдим. Ошондой көрүнүштөрдү бир жолго салсаңыздар жакшы болот эле. Ошондойлорду көрүп башка диндеги кээ бир жарандарыбыз биздин динибизди жек көрүп атышат" деп өзүнүн жакшы эле оюн айтты. Мен деле туура көрдүм. Ошол үчүн муфтийди кабыл алып, ушул темада баарлаштык", — деген Жапаров.
Президент дааватты колдоорун, бирок кандайдыр бир эрежеге салууну айткан.
"Молдонун, ажынын баласымын. Дааваттын зыяны жок. 90-жылдардан бери канча деген жарандарыбыз оң жолго түшкөнүн өз көзүм менен көргөм. Болгону дааватка чыккандарды зыңкыйтып кийинтип, сакал-мурутун тегиздеп, билими толук, кандай гана суроолор болсо жооп бере алгандарды жиберсек жакшы болот эле. Ошондо элибиз да дааватчыларга ишенип, аларды кунт коюп угуп, ээрчийт эле. Бул пикиримди муфтий да туура көрдү. Илгери аалымдар (дааватчылар) динге эле эмес, илимге дагы үйрөтүшкөн. Ар кайсы тилдерди окуткан", — деген мамлекет башчы.
Бул темага Жапаров буга чейин да кайрылган. "Кыргызстан — конфессиялар аралык тынчтыктын жана ынтымактын өлкөсү" аттуу эл аралык конференцияда да бөтөн элдин салт-санаасын, кийимин туу тутпай, өзүбүздүн улуттук каада-салтыбызды урматтап, сактап калуу зарылдыгын белгилеген.
Президент диндердин өнүгүү тарыхы предмети кандай окутулуп жатканын текшерди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2023
Президент диндердин өнүгүү тарыхы предмети кандай окутулуп жатканын текшерди
Жаңылыктар түрмөгү
0