Садыр Жапаров: райондордун борборлоруна көп кабаттуу үйлөр курулат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабота мобильной клиники в Сокулуке
Работа мобильной клиники в Сокулуке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2024
Жазылуу
Өлкө башчысы ар бир айылда жер тилкелерине муктаж болгондор көп экенин, бирок алардын баарына түз жерлер жетишпей турганын белгилеген.
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстандын райондорунун борборлоруна беш кабаттуу үйлөр курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Сокулуктагы мобилдик клиникага барып, эл менен баарлашуу учурунда айтты.
Өлкө башчысы ар бир айылда жер тилкелерине муктаж болгондор көп экенин, бирок алардын баарына түз жерлер жетишпей турганын белгилеген.
"Мындан улам биз энине кетпей, бийиктикке кетели деп жатабыз. Министрликтер, айыл өкмөттөр, акимиаттар, мэрия өкмөттүн жерлерин алып алган экен. Ошонун баарын МИКке алып бердим. Эми ар бир аймактын жер титирөөгө туруштугуна ылайыкташтырып, жети, тогуз кабаттуу үйлөрдү салабыз", — деди ал.
Президент азыркы учурда Бишкектин өзүндө эле 10 миңдей батир салынып жатканын кошумчалады. Айтымында, анын үч-төрт миңи жашоочуларга быйыл берилет. Жалал-Абадда 2,5 миң батир курулуп жатканын белгилеп, Нарын, Таласта да курулуштар башталарын айткан. Ошондой эле Жапаров жолугууга келген тургундарга үч-төрт жылда аларга да кезек келерин белгилеген.
Бишкекте мамлекеттик ипотекалык турак жайдын курулушуна капсула салынды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2024
Бишкекте мамлекеттик ипотекалык турак жайдын курулушуна капсула салынды
Жаңылыктар түрмөгү
0