Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Кыргызстанда кызамыкка каршы кошумча эмдөө кампаниясы башталды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүМедицина кызматкери колунда шприцти эмдөөго даядап турат. Архив
Медицина кызматкери колунда  шприцти эмдөөго даядап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2024
Жазылуу
Былтыр күзүндө жарым миллионго жакын бала эмдөөдөн өткөн.
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Кыргызстанда максаттуу топтогу балдардын 90 пайыздан ашыгы кызамыкка каршы эмдөөдөн өткөн. Мындай көрсөткүч дайыма сакталышы керек. Бул тууралуу Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
© Sputnik / Жантай МакеновРеспубликалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова
Брифинг Минздрав и муфтият о напряженной ситуации с корью  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2024
Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова
Анын айтымында, 2023-жылдын сентябрынан ноябрь айына чейин республикада бир жаштан жети жашка чейинки 480 миңден ашык бала эмделген. Былтыркы жылдын ноябрь айынан бери курч эпидемиологиялык абал сакталып турган Жалал-Абад облусунда 13-марттан тарта кошумча эмдөө кампаниясы башталды.
Ишенапысова белгилегендей, кызамык оорусунун чыгышына коронавирус пандемиясы учурунда вакцинадан баш тарткандардын көбөйүшү жана эмдөө алган балдардын санынын азайышы себеп болгон. Бүгүнкү күндө балдардын 93 пайызы вакцинанын биринчи дозасы, 96 пайызы экинчи дозасы менен эмделди.
Улуттук эмдөө календары өзгөртүлгөнү да белгиленди. Ага ылайык, кызамыкка каршы биринчи эмдөө мурдагыдай эле жыл сайын жүргүзүлөт, бирок ревакцинация алты жашта эмес, эки жашта сайыла турган болду. Анткени оорулуулардын арасында алты жашка чейинки балдар да болуп жатат.
Эмдөө отүп жаткан ымыркай. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2024
Пресс-борбор
Министрлик кыргызстандыктар эмдөөдөн эки себеп менен баш тартарын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0