Мурдагы спикерлерге депутаттардыкындай артыкчылык берүү сунушталды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин жыйыны өтүүү зал. Архив
Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүү зал. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2024
Жазылуу
Эгер төрага соттолуп кетсе, анда "экс" макамынан ажыратылат.
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы спикерлерине "экс-төрага" статусун ыйгарып, депутаттардыкындай артыкчылыктарды берүү сунушталды. Нуржигит Кадырбеков менен Замирбек Мамасадыков демилгелеген мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлду.
Документте экс-төрага менен анын жубайына дипломатиялык паспорт берүү, акысыз медициналык кызматтарды алуу жана аэропорттордун, темир жолдордун VIP-залдарын акысыз колдонуу укугу каралган.
Авторлор мындай статус спикерлерге коомдук-саясий турмушка жигердүү катышууга жана саясий системанын туруктуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берерин белгилеген.
Эгер төрага соттолуп кетсе, анда "экс" макамынан ажыратылат.
Оорукананын медицина кызматкерлери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2024
Чүнчүп кетишти. Медиктерге кол көтөргөндөрдү 5 жылга чейин камоо сунушталды
Жаңылыктар түрмөгү
0