Биримдик-Кут конушунда "Унаанын" күнү-түнү иштей турчу бөлүмү ачылат

© Фото / Госагентство по регистрации транспортных средств и водительского составаБишкектин жанындагы айланып өтүүчү трассадагы "Унаа" калкты тейлөө борборунун проектиси
Бишкектин жанындагы айланып өтүүчү трассадагы Унаа калкты тейлөө борборунун проектиси - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Бишкектин четинде "Унаа" мекемесинин 24 саат бою иштей турган бөлүмү ачылат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аянты 500 чарчы метрди түзгөн жаңы ачыла турган бөлүм Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун жээгинде, Биримдик-Кут жаңы конушунда жайгашмакчы. Ал жерде жеңил жана оор жүк ташуучу автоунааларды каалаган убакта каттатууга болот.
Пилоттук долбоордун май айында ишке кирүүсү күтүлүүдө.
Унаа мамлекеттик мекемесинин имараты. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2024
"Унаа" мекемеси эс алуу күндөрү кандай иштээри айтылды. График
Жаңылыктар түрмөгү
0