Өзбекстан менен чектешкен аймактан УКМК 15 метр тереңдиктеги тоннель тапты. Видео

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРЖалал-Абаддын Бек-Абад айылында 15 метр тереңдиктеги тоннель табылды
Жалал-Абаддын Бек-Абад айылында 15 метр тереңдиктеги тоннель табылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2024
Жазылуу
Жашыруун жай Өзбекстандын чек арасына жакын жерде болгонун аныкташты. Аткезчилик каналын уюштургандыгы үчүн үйдүн 38 жаштагы ээси кармалган.
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун аймагында контрабандалык жүк ташыганга ылайыкталган жер астындагы тоннель табылды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Жашыруун жай Бек-Абад айылынын тургунунун үйүндө, тагыраагы, Өзбекстандын чек арасына жакын жерде болгон.
Тоннелдин тереңдиги 15 метр, жалпы узундугу 130 метр, Кыргызстандын чек арасына чейинки аралык 50 метр экенин аныкташты. Ал эми жер астындагы киши баскан коридордун бийиктиги 1 метр 70 сантиметрди түзгөн.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун аймагында контрабандалык жүк ташыганга ылайыкталган жер астындагы тоннель табылды

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун аймагында контрабандалык жүк ташыганга ылайыкталган жер астындагы тоннель табылды - Sputnik Кыргызстан
1/4

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун аймагында контрабандалык жүк ташыганга ылайыкталган жер астындагы тоннель табылды

© Фото / пресс-служба ГКНБ КР

Жашыруун жай Бек-Абад айылынын тургунунун үйүндө, тагыраагы, Өзбекстандын чек арасына жакын жерде болгон

Жашыруун жай Бек-Абад айылынын тургунунун үйүндө, тагыраагы, Өзбекстандын чек арасына жакын жерде болгон - Sputnik Кыргызстан
2/4

Жашыруун жай Бек-Абад айылынын тургунунун үйүндө, тагыраагы, Өзбекстандын чек арасына жакын жерде болгон

© Фото / пресс-служба ГКНБ КР

Тоннелдин тереңдиги 15 метр, жалпы узундугу 130 метр, Кыргызстандын чек арасына чейинки аралык 50 метр экенин аныкташты. Ал эми жер астындагы киши баскан коридордун бийиктиги 1 метр 70 сантиметрди түзгөн

Тоннелдин тереңдиги 15 метр, жалпы узундугу 130 метр, Кыргызстандын чек арасына чейинки аралык 50 метр экенин аныкташты. Ал эми жер астындагы киши баскан коридордун бийиктиги 1 метр 70 сантиметрди түзгөн - Sputnik Кыргызстан
3/4

Тоннелдин тереңдиги 15 метр, жалпы узундугу 130 метр, Кыргызстандын чек арасына чейинки аралык 50 метр экенин аныкташты. Ал эми жер астындагы киши баскан коридордун бийиктиги 1 метр 70 сантиметрди түзгөн

© Фото / пресс-служба ГКНБ КР

Аткезчилик каналын уюштургандыгы үчүн үйдүн 38 жаштагы ээси Э.А. кармалды

Аткезчилик каналын уюштургандыгы үчүн үйдүн 38 жаштагы ээси Э.А. кармалды - Sputnik Кыргызстан
4/4

Аткезчилик каналын уюштургандыгы үчүн үйдүн 38 жаштагы ээси Э.А. кармалды

1/4

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун аймагында контрабандалык жүк ташыганга ылайыкталган жер астындагы тоннель табылды

2/4

Жашыруун жай Бек-Абад айылынын тургунунун үйүндө, тагыраагы, Өзбекстандын чек арасына жакын жерде болгон

3/4

Тоннелдин тереңдиги 15 метр, жалпы узундугу 130 метр, Кыргызстандын чек арасына чейинки аралык 50 метр экенин аныкташты. Ал эми жер астындагы киши баскан коридордун бийиктиги 1 метр 70 сантиметрди түзгөн

4/4

Аткезчилик каналын уюштургандыгы үчүн үйдүн 38 жаштагы ээси Э.А. кармалды

Аткезчилик каналын уюштургандыгы үчүн үйдүн 38 жаштагы ээси Э.А. кармалды.
Учурда УКМК кызматкерлери тоннелди эксплуатациялоону уюштурууга катыштыгы бар тараптарды, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн адамдарды жана мыйзамсыз кирген товарлардын түрүн аныктоо боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатканын айтышты.
Атайын кызмат жарандарды аталган кылмыш тууралуу кошумча маалыматтары болсо 0995 012 210 (Whatss app/Telegram)) байланыш номерлери аркылуу билдирүүгө чакырды.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Кайтпас айылында Өзбекстан менен чектешкен мамлекеттик чек ара сызыгынын астынан өткөн туннель табылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2022
Баткенден да Өзбекстан менен байланыштырган туннель табылды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0