Абаны булгайт! Министрлик жалбырак өрттөбөөгө чакырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевИшембилик учурунда кишилер. Архив
Ишембилик учурунда кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2024
Жазылуу
Бул үчүн жеке жактарга 7,5 миң сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып салынат.
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Кургак чөптү, жалбырактарды өрттөө абаны булгайт, айлана-чөйрөгө зыян келтирип, өрт коопсуздугун жаратат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жашоочуларга эскертти.
Мекеме куураган жалбырактарды жер семирткич катары пайдаланууну сунуштайт.
"Өзүңүз да жалбырактарды өрттөбөңүз, айланаңызда өрттөп жаткандарды көрсөңүз өлкөдө буга тыюу салынгандыгын эскертиңиз. Бул үчүн жеке жактарга 7,5 миң сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып салынат. Мыйзам бузуу болгон учурда министрликтин 108 кыска номерине чалып кабарлаңыз", — деди министрлик.
Ысык-Көл жаратылышы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2023
Экологияны сактап калууга жасалма интеллект жардамчы боло алат. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0