Кыргызстанда 75 миңден ашуун үй-бүлө электр энергиясына жеңилдик алган

© AFP / PHILIPPE HUGUENЭлектр лампалары жана электр сайгычтар. Архив
Электр лампалары жана электр сайгычтар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Кыргызстанда 75 миңден ашуун аз камсыз болгон үй-бүлө электр энергиясын жеңилдетилген тариф менен колдонот. Бул туурасында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 16 жашка чейинки балдары бар ("үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пул алган) аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү социалдык колдоо көрсөтүлүп келет. Анын алкагында электр энергиясын айына 700 киловатт-саатка чейин колдонгон учурда тариф 50 тыйындан эсептелет. Ал эми жеңилдик каралбаган калк киловатт-саатына 1 сомдон төлөйт.
Ошондой эле министрлик кээ бир муктаж үй-бүлөлөр жеңилдик ала албай жатканын кошумчалады. Мунун себеби ижарага алынган батирде жашашы, жеке электр эсептегичтеринин жоктугу, дача аймактарында (кызыл китебинин жоктугуна байланыштуу) жана өндүрүштүк жайларда баш калкалаганына байланыштуу.
Электросчетчик. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2024
Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энергиясы 10,8%га кымбаттайт
Жаңылыктар түрмөгү
0