12 миң доллар пара алган деп Свердлов райондук сотунун судьясы кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКишен жана акча. Архивдик сүрөт
Кишен жана акча. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2024
Жазылуу
Сот айыпталуучулардын ишин оң жагына чечип берип, алардан тиешелүү сый акы алганы аныкталган. Ага адвокат ортомчу болгон.
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы К.А.К. 12 миң доллар пара алды деп кармалганын УКМК кабарлады.
Кармоо пара талап кылынышы боюнча маалымат ачыкталгандан кийин Башкы прокуратура козгогон кылмыш иштин алкагында жүргүзүлгөнү айтылат.
"Судья жактоочу менен жашыруун сүйлөшүү максатында видеокөзөмөл камералары жок жерлерде, тагыраагы, өзүнүн дааратканасында жолугушууларды өткөргөндүгү, ал жерде соттук актыларды айыпталуучулардын пайдасына чыгаргандыгы үчүн алардан алган акчалай сый акыларды өз ара бөлүштүргөндүгү такталган. Үстүбүздөгү жылдын 21-мартында судья К.А.К. Соттор кеңешинин чечими жана Биринчи май райондук сотунун токтому менен 20-майга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.
УКМК учурда Жогорку соттун жетекчилиги менен биргеликте сот бийлигиндеги коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканын маалымдады.
Соттун орду. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2024
Москва райондук сотунун судьясы кайсы берене боюнча кармалган? Чоо-жайы
Жаңылыктар түрмөгү
0