Россия президентин шайлоо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2024
Россия президентин шайлоо
Федерация кеңеши (парламенттин төмөнкү палатасы) Россиядагы президенттик шайлоону 2024-жылдын 17-мартына дайындаган. Чечимдин кабыл алынышы шайлоо өнөктүгүн баштоого да жол ачат.

Владимир Путин шайлоонун расмий жыйынтыгынан кийин россиялыктарга кайрылды

© Sputnik / POOL / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2024
Жазылуу
Россиянын БШКсынын маалыматы боюнча, Владимир Путин шайлоочулардын 87,28% добушун алды.
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Шайлоо Россия бүгүн бир чоң, ынтымактуу үй-бүлө экенин далилдеди. Бул тууралуу Владимир Путин Россиянын БШКсы президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгаргандан кийинки кайрылуусунда билдирди.

"Биз тандап алган тарыхый жолубуз менен баратабыз. Өзүбүзгө, күчүбүзгө жана жаркын келечегибизге ишенебиз", — деди россиялык лидер.

Ал өлкө үчүн өтө маанилүү болгон шайлоо өнөктүгү аяктаганын айтып, колдоо үчүн баарына ыраазычылык билдирди.
"Бул Россияны күчтөндүргөн саясый багыттын жалпы жыйынтыгын колдоого жатат. Ишенимди акташ үчүн колумдан келген бардык ишти жасайм", — деди Путин.
Ал бардык талапкерлердин көйгөйдү чечүүдө өз алдынча чечими болгонун, эми бийлик ишинде конструктивдүү сунуштарды колдонорун айтты.
Президент шайлоо комиссиясы ишин жогорку деңгээлде аткарып, так жана мыйзам чегинде өткөргөндүгүн белгиледи. Путин Россиянын аймагындагы шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү эрдик көрсөтүп, шайлоочуларга үлгү болгондугун кошумчалады.
Россиядагы президенттик шайлоо 15-марттан 17-мартка чейинки аралыкта өттү.
РФтин Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Владимир Путин шайлоочулардын 87,28% добушун алды. Ага 76 миллиондон ашык россиялык жаран өз добушун берген.
Россия Федерациясынын 2024-жылдагы президенттик шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2024
Россия президентин шайлоо
Россиянын БШКсы президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарды
Жаңылыктар түрмөгү
0