Табиятты козгогон көктөмгө арыш таштадык. Кыргыз жазды кантип күткөн

© Sputnik / Табылды КадырбековНооруз майрамында алас айтып жаткан аял. Архив
Нооруз майрамында алас айтып жаткан аял. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2024
Жазылуу
Кыргыз дүйнө таанымында жаз жаңылыктын, жаңылануунун мезгили катары саналган. Ошондуктан жаз күтүлгөн, самалган. Жаз деми менен кошо жаратылыш ойгонуп, жер ийип, тирүүлүктүн да бою козголгон.

Тизгин жаяр

Айрыкча көчмөн табиятында конушка ыктоо, шамалдан ыптоо кыштоодо күн кечирүү кыштын баштапкы айларында билинбегени менен жаз алдында мал арыктап көк жашык болгон, киши дарманы кайтып сөөк жукарган учурда жазды айрыкча күтүшүп, "күндүн көзүн көргөн тоңбойт" деп күн илебин эңсешкен. Ошондонбу, жазында жасала турган ырым-жөрөлгөр, жаздагы кубулуштарга карата айтылган айтымдар, тиленген тилектер доорлордон доорлорго улана калыптанган.

Жаздын арышы

Тирүүлүктүн жарчысы жаздын адеп келгендегиси ала шалбырт деп сыпатталат. Бул жер жибий баштаган үчтүн айынын (февраль) аягынан тартып жалган курандын (март) башына чейинки аралык. Ар-ар жерде кар жаткан, тоңуп калган топурак эрип баткак болгону үчүн ала шалбырт аталса керек.
Жалган курандын башы менен жерди жарып көк чыгып, ал улам көтөрүлүп, күн ачылып, асман да көпкөк чаңкайып, айлана жашылдана баштагандан көктөм келди деп кыргыз кадимкидей кубанган.
Жалган курандын башынан чын курандын (апрель) ортосуна чейинки жаздын бөлүгү баар деп аталган. Ал өз кезегинде илеп, дем деген маанини туюнтуп бак-дарак гүлүн ачкан, жайнаган гүлдөр жыпар чачкан, канаттуулар сайрап, табият балкыган бейкапарлыкты туюнткан.
Бишкектеги аянтта Ноорузду кантип майрамдап жатышат. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2024
Бишкектеги аянтта Ноорузду кантип майрамдап жатышат. Видео

Жыл ажыратты

Жаздын көктөмүндө жалган курандын 20сынан 21ине оогон күнү күн-түн теңелет. Андан кийин күн узарып, түн кыскара баштайт. Анын үстүнө табият козголуп, ойгонуп, жаңылануу башталат. Ушул күндү Жыл ажыратты деп байыртан белгилеп келишкен. Бул күнү казанын кайнатып, бар азыгын жайнатып күтүнүшкөн. Ырымын жасап, жөрөлгөсүн кылып жаңы жылды тосуп алышкан.
Ырымына тогуз, он эки, кырк бир токочун жасап жыт чыгарышкан. Үйдү, короо-жайды арча менен аласташкан. Тууган-урук, эли-журту менен чогулуп чоң көжө кайнатышкан.
Жалпы чогулуп:
Алас, алас, алас!
Ар балээден калас!
Атайылап жыт чыгарып,
Арча түтөп ар үйдө.
Көктөмдүн ушул күнүндө,
Жыл тогошор түнүндө,
Жыл айырып жатабыз.
Урматына шу күндүн
Семизинен кой сойдук,
Тасмал жайып, нан койдук,
Каймак менен май койдук.
Гүл баарынан чогултуп,
Аары жыйган бал койдук.
Алас, алас, алас!
Ар балээден калас!
Эски жыл кетти,
Жаңы жыл жетти!
Айдан аман, жылдан эсен бололу!
Желин айрылып сүт чыксын!
Жер жарылып көк чыксын!
Эгинибиз көп чыксын!
Жакшылык арбып кетпесин, жамандык кууп жетпесин! — деп тилек айтымын айтышкан.
Түнкүсүн улуу от жагылып, от боюнда жаштар селкинчек тээп, ыр ырдап, оюн уюштурушкан. Табышмак-жамагын айтып, сармерден айтып, кыз-жигит арзуусун айтып таң тосушкан.

Таш оодаруу, шамалга жүз тосуу, күнгө багуу. Төрт башатка сыюу

Ар бир кыргыз табият менен сырдаша алган, табияттын табышмагын жандырып, түйүнүн чече алган. Ошол табияттын башаты болгон төрт башатка дайыма таазим кылган. Тирүүлүктүн кубаты төрт башаттан деп кабылдаган. Ошондуктан кыргыз "атам - күн, энем - жер, каным - суу, жаным - аба" деген.
Күн чыга электе туруп, күн тоскон. Күн менен учурашып, тирүүлүк демин билдирген. Күнгө багып, кубат алган. Тирүүлүк отун туюнган.
Анан тоо таянып таш оодарган. Бул өз учурунда жерге жакындык, жер менен ымала, жерди ийитүү, андан кубат алуу жөрөлгөсү болгон.
Ошондой эле мурда-кийин чыгып жүргөн булактарды да кыдырып, булак башын тазалап, көзүн ачуу да жазында жасалган. Мында да табияттын бир стихиясы болгон сууга таазим этип, анын ийишине өз демин кошкон.
Жаздын илебин жеткирген шамалга, желге да жандуудай мамиле кылып, жумшак болсо жүзүн тосуп, учурашып, катуу болсо "сени менен кошо жакшылык келсин, жамандыкты алыс куу" деп айтып, "мен барбаган жактарга демимди ала бер" деген. Шамал менен сырдашкан.

Жаз — жарыш

Үркөр чыкканга чейин суулуу эгиндер, үркөр чыккан соң кургак дан эгиндери айдалган. "Үркөр батты, кош жатты" деп айдоо иштери үркөр батканга чейин жасалган. Ошондуктан жазды жарыш деп, анда жарышып чуркап мээнет кыл деген.

Жазында кыз көкүрөгүндө сыр ойгонот

Жаз менен кыз табияты айрыкча ынак болгон. Жаз менен кошо көкүрөктө сезимди кытыгылаган, делебени козгогон ой-кыял жетилип, ал көкүрөккө сыр болуп уюп, маал-маал убайымга салып, маал-маал күттүрүп кызды түркүн кыялга салган. Жаз келери менен жарашыктуу кийинишип, тобу менен басып, булак башына барып, гүл терип, селкинчек тээп, шыңгыр күлкүсүн чачып селкилер айлананы шаңга бөлөгөн. Арзуусун тымызын туйдуруп, кат-кабарын билдирген жигитин күткөн. Жигит күтпөгөнү ой-кыялы менен, тилеги менен өз самаган арзуусун жаратып, тымызын күткөн.
Ошентип жаз жаштардын жаштык демин козгоп, улан-кыздын канын дүргүтүп, боюн кызытып, махабат демин чачкан.

Тизгин жыяр

Төрт мезгилди түгөл жашайбыз. Жаңы эле жаз келип, көктөмгө арыштадык. Жаздын деми жакшылыкты жар салып, жаңырган жылды ийги тосуп, айдан аман, жылдан эсен бололу!
Тоодогу арык. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2018
Суу айлантып чачуу, кырк күн сууга отуруу. Ажайып күчкө ээ суу тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0