23-мартка карата аба ырайы

© AP Photo / Aaron Favila / FileЖол кыймылынын фонунда, жамгыр учурунда кол чатыр кармаган адам. Архив
Жол кыймылынын фонунда, жамгыр учурунда кол чатыр кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2024
Жазылуу
23-мартка караган түнү республиканын көпчүлүк аймактарында жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Ишембиде күндүн биринчи жарымында Чүй, Ысык-Көл жана Нарында жамгыр, кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +12...+17, Таласта +9...+14, Ош, Жалал-Абад облустарында +16...+21, Баткенде +15...+20, Ысык-Көл жергесинде +6...+11, Нарында +5...+10 градус жылуу болот.
Бишкекте түнкүсүн мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Күндүн табы борбор калаада +14...+16, Ошто +16...+18 градуска жетет.
Өрүк гүлдөп жаткан жердин жанынан өтүп бараткан элдер. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2024
Күн катуу ысыйбы? Апрель айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0