РФ ТИМи: Британия өзүнө "фейктин очогу" макамын биротоло ыйгарып алды

© Sputnik / Виталий БелоусовРоссиянын Тышкы иштер министрлигин имараты. Архив
Россиянын Тышкы иштер министрлигин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. "Британия өзүнө "фейктин очогу" макамын биротоло ыйгарып алды". Бул туурасында Россиянын Тышкы иштер министрлиги Улуу Британиянын жалган маалымат таратуу кампаниясы тууралуу билдирүүсүндө айтылат.
Буга британ тактысынын мураскер ханзаадасынын жубайы Кэтриндин көптөн бери элге чыкпай калышы шарттаган конспиралогиялык кампаниянын создугушу себепкер болгон. Министрликтин айтымында, мындай жагдай массалык медиалык манипуляция жана фейктердин жардамы менен коомдук пикирди көзөмөлдөөгө жедеп көнүп бүткөн өлкөнүн саясий элитасынын анык жүзүн ачып берди.
Бул максаттта Британияда саясий класстагылар, атайын кызматтар жана массмедиа биригип иштеп жатат. Демократиянын эрежеси боюнча алар бири-биринен көз карандысыз болушу керектиги белгиленди.
Алардын иштөө тартиби боюнча британ бийлиги керектүү учурда окуянын алдын ала даярдалган версиясын чыгарып, өздөрүнө жакпаган ЖМКларды фейктерди жайылтууга айыптайт.
Так бир мисал: британиялык ЖМКлар РИА Новости менен Sputnik агенттигин падыша Карл IIIнүн өлүмү боюнча фейк чыгарууга айыпташты. Чынында тескерисинче болуп, бул ресурстарда падышанын өлүмү боюнча "жаңылык" төгүндөлгөн.
Бул система мурдагы премьер-министр Тони Блэрди жана анын командасын Иракка кол салуунун апааттуу жыйынтыгын акташ керек болгондо да иштеген:
бийлик тапшырма берген;
атайын кызмат чалгындоо маалыматтарын ойдон токуп чыгышкан;
британиялык массмедиа эл аралык коомчулукка тараткан.
Дагы бир мисал:
2019-жылы британиялык эл аралык өнүктүрүү министри Ж. Грининг Англия өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү 100 миңден ашуун аялдын өмүрүн сактап калууга жардам бергенин билдирген. Бирок кийинчерээк ал "төрөттөн каза болушуна жол бербөө" үчүн аялдарга контрацептивдик каражаттарды таратуу боюнча айтканы аныкталган.
РФ президенти Владимир Путин Федералдык коопсуздук кызматынын коллегиясынын кеңейтилген жыйынында  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2024
Путин: Батыштын атайын кызматтары Россияны коркутууга аракет кылууда
Жаңылыктар түрмөгү
0