Мэрия жол эрежесин бузган автобус айдоочуларын кандай жазалоону ойлонуп жатат

© Sputnik / Виталий БелоусовАвтобус айдоочусу. Архив
Автобус айдоочусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2024
Жазылуу
Коомдук транспорттун айдоочуларына карата даттануулар көп түшүп жатканы белгиленди.
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Бишкек мэриясы жол эрежесин одоно бузган автобустун айдоочуларын иштен айдоо боюнча ойлонуп жатат.
Калаанын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде жыйын өтүп, коомдук транспорт катышкан жол кырсыктары көбөйүп жатканы талкууланган.
Департамент директорунун орун басары Алмаз Алымбеков автобус айдоочуларына карата даттануулар көп келип жатканын белгилеп, аларга чара көрүү механизмин иштеп чыгуу керектигин белгиледи.
"Жүргүнчүлөрдү сапаттуу тейлебей, эрежени сактабай, жол кырсыктарына себепкер болуп, мамлекеттин мүлкүн зыянга учуратып жаткан айдоочулардын жоопкерчилигин карап чыгып, андайларды иштен кетирүү зарыл. Шаар тургундарынын талабы ушундай болууда", — деди Алымбеков.
Ошондой эле айдоочулар жүргүнчүлөргө талон бербей, орой мамиле кылып, акыркы аялдамага чейин жеткирбей жолдон түшүрүп салып жаткан учурлар тууралуу да айтылган.
Жыйындын соңунда кыска убакыттын ичинде аталган көйгөйлөрдү чечүү тапшырмасы берилген. Айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүп, тартипти көзөмөлдөө боюнча да талап коюлду.
Тулпар бирдиктүү транспорт картасы менен жол кирени төлөп жаткан киши. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2024
Мэрия элди коомдук транспортто жол кире төлөөдөн качпоого чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0