Ош мэриясы коомдук транспортко электрондук билет уюштуруу боюнча сынак жарыялады

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүКоомдук транспорттогу электрондук төлөм. Архив
Коомдук транспорттогу электрондук төлөм. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2024
Жазылуу
Сынакка катышуу үчүн арыздар 30-мартка чейин кабыл алынат.
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы калаадагы коомдук транспортко электрондук билеттерди уюштуруу боюнча сынак жарыялайт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сынакка катышуу үчүн арыздар үстүбүздөгү жылдын 30-мартына чейин кабыл алынат.
Сынакка байланыштуу суроолор боюнча osh.ogmap.piu@gmail.com электрондук почтага же (+996) 777 355 919 телефон номуруна кайрылса болот.
Буга чейин Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы тажрыйбалуу айдоочуларды жумушка чакырган. Жумушка 60 жашка чейинки, айдоочулук күбөлүгүндө D категориясы бар адамдар алынат. Сурап-билүү номерлери: +996 500 040 664, +996 553 407 046 жана +996 224 088 585.
Церемония вручения мэрии Оша ключей от тяжелой техники, легковых авто и автобусов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2024
Оштун автопаркы оор техника, жеңил автоунаа жана автобустар менен толукталды
Жаңылыктар түрмөгү
0