Курсанттарды таң калтырган Жаңыл Түмөнбаева менен Роза Отунбаева. Таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын таржымалын баяндайт.
© Фото / из личного архива Валимжана Танырыкова
Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Жаңыл Түмөнбаева жана Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева менен офицерлердин сүрөтү 1984-жылы "Фрунзе-1" тик учак полкунун гарнизонунда тартылган. Түмөнбаева анда Фрунзе шаарынын Биринчи май районунун партиялык комитетинин 1-катчысы, Отунбаева Фрунзе шаардык Коммунисттик партияcынын комитетинин 3-катчысы эле.
СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн ардагери, отставкадагы полковник Валимжан Таңырыков жогорудагы сүрөттүн тарыхын төмөнкүчө айтып берди.

"1941-жылы Одессадагы учкучтарды даярдоочу мектеп Кантка көчүрүлгөн. Окуу жай Улуу Ата Мекендик согуш учурунда учкучтарды, инженер жана техниктерди даярдап чыгарган. 1956-1991-жылдары анда Азия, Африка, Латын Америка жана Чыгыш Европа үчүн авиация адистери даярдалган эле. Мектеп чоң биримдикке айланган. Анын курамына Казакстандын Луговою, Алматы, Токмок жана "Фрунзе-1" авиациялык полктору кирген. Штабы Киев көчөсүндө эле, бүгүнкү күндө бул имаратта Улуттук гвардия жайгашып турат. Мектепте билим алган чет элдик курсанттарга Кыргыз ССРинин атактуу мамлекеттик жана коомдук ишмерлери көп келчү. Алардын лекциялары курсанттарга кадимкидей дем берер эле. Ушул лекциялар аркылуу чет элдиктер Советтер Союзундагы интернационализмди жана тең укуктуулукту көрүшчү. Андан тышкары, Кыргызстандын искусствосунан кабардар болушар эле. Мен ошол учурда бул аскердик жогорку окуу жайдын командиринин саясий жана тарбиялык иштер боюнча орун басары болчумун. 1984-жылы "Фрунзе-1" тик учактар полкуна мамлекеттик ишмерлер Жаңыл Түмөнбаева менен Роза Отунбаева келди. Аларды ушул биримдиктин кол башчысы, генерал Павел Эхтов баштаган офицерлер менен тосуп алдык. Түмөнбаева менен Отунбаева чет өлкөлүк курсанттар менен жолугушуу учурунда СССРдин ички жана тышкы саясаты жөнүндө так маалымат беришти. Курсанттар экөөнүн даражасы жана билимине таң калышты", — деди Таңырыков.

Белгилей кетсек, бул мектептен Африка, Азия жана Латын Америкасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана аскердик кол башчылары билим алышкан.
Тема боюнча:
Тышкы иштер министрлигине 80 жыл. Кыргыз дипломатиясынын түптөлүшү сүрөттө
Жаңылыктар түрмөгү
0