Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Акматов: Россияга экспорттолчу текстиль продукциялары маркаланышы керек

© SputnikМамлекеттик салык кызматынын акциздик товарларды көзөмөлдөө жана маркалоо бөлүмүнүн башчысы Бакыт Акматов
Мамлекеттик салык кызматынын акциздик товарларды көзөмөлдөө жана маркалоо бөлүмүнүн башчысы Бакыт Акматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2024
Жазылуу
Мамлекеттик салык кызматынын акциздик товарларды көзөмөлдөө жана маркалоо бөлүмүнүн башчысы Бакыт Акматов текстиль продукциясын маркалоо тууралуу маалымат берди.
Россияга экспорттолчу текстиль продукциялары милдеттүү түрдө маркаланышы керек. Бул тууралуу Бакыт Акматов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Акматов: Россияга экспорттолчу текстиль продукциялары маркаланышы керек
Анын айтымында, бул талап Россияда 1-апрелден тарта киргизилүүдө.
"Кыргызстанда жеңил өнөр жай продукциясын маркалоо милдетүү түрдө эмес, бирок каалоочулар үчүн жүргүзүлүп келген. 2022-жылы Россияда жеңил өнөр жай товарларынын айрымдарын маркалоо милдеттендирилген. 1-апрелден тарта бардык жеңил өнөр жай товарларын маркалоо талабы киргизилүүдө. Ошондуктан кыргыз ишкерлер экспортко чыга турган товарларын маркалап, анан чыгарышы абзел. Болбосо чек арадан ары киргизе албай калышы ыктымал. Маркалоо — ар бир товарга уникалдуу код берүү. Ал аткезчилик жана жасалма товарлар менен күрөшүү үчүн эң натыйжалуу инструменттерди бири болуп саналат. Товарды маркалоонун үч жолу бар. Биринчиси, маркалоо боюнча мамлекеттик операторго кайрылуу зарыл. Ал жактан келишим түзүлүп, товар системага катталат. Экинчи жолунда Россиядагы товарды кабыл алган субъект маркалоо кодун ошол жактан алып, кыргыз ишкерге жибере алат. Бул эки ыкма тең туура келбесе, анда кыргыз ишкерлери Россияда катталып же филиал ачып, анан код алууга болот", — деди Акматов.
Ошондой эле ал маркалоо аркылуу товарды чыгарган ишканадан тартып колдонуучуга чейин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк түзүлөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0