УКМК: Райым Матраимовдун Азербайжанда экени аныкталды

© Фото / Фонд имени Исмаила МатаримоваИздөөдөгү Райымбек Матримов
Издөөдөгү Райымбек Матримов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов Азербайжандын борбору Баку шаарында экендиги аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Атайын кызмат Бакуга аны кармоо боюнча кат жөнөткөн. Алардын азербайжандык кесиптештери Матраимовду кармап, андан ары Кыргызстанга экстрадициялоо маселесин карап жатканы айтылды.
"Райымбек Матраимовдун Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга даярданып, Азербайжандан келген улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар экендиги такталды", — деп жазылат кабарда.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын жетекчилигине кол салууну көздөп келген деген улут аралык уюшкан топтун беш мүчөсү кармалган. Алар Азербайжандын жарандары экени такталган.
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарына январда издөө жарыяланган.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары, ишкер Райым Матраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
УКМК Райым Матраимовдун мамлекетке өткөн мүлкүн көрсөттү. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0