Улуттук банктын алтын валюта резервинин көлөмү рекордун жаңылады

© AFP / DAVID GRAYАлтын куймалары. Архив
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Улуттук банктын алтын валюта (эл аралык) резервинин көлөмү февралдын аягында 3 миллиард 323,8 миллион доллар деп бааланды. Суммасы бир айда 10,3 миллионго өскөн.
Учурдагы көрсөткүч тарыхта рекорддук болуп саналат. Буга чейин эң жогорку чеги январь айынын соңунда 3 миллиард 313,5 миллион доллар болуп катталган.
Улуттук банк интервенцияларды валютанын өзгөрүүсүн текшилөө жана сомдун курсун кармап туруу үчүн жүргүзөт. Бул үчүн алтын-валюта резерви колдонулат. Резервдер ондон ашык валютадан, SDR (атайын карыз алуу укугу — Эл аралык валюта фондунун жасалма резерви) жана алтындан турат. Алардын баасы доллар эквивалентинде жарыяланат.
Белгилей кетсек, Улуттук банк өткөн айда валюта рыногуна 23,5 миллион доллар саткан.
Доллар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2024
Январда Кыргызстандан сыртка 56 млн. доллар которулду
Жаңылыктар түрмөгү
0