Стрельба в Крокус Сити Холле - Sputnik Кыргызстан, 1920
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
23-мартка караган түнү "Крокус сити холл" концерттик залында теракт болду. Белгисиз адамдар ок чыгарып, имаратта өрт башталган. ФСБ 40 адам каза таап, 100дөй киши жаракат алганын билдирди. Терак боюнча кылмыш иши козголду.

"Крокустагы" терактыда жабыркагандар боюнча соңку маалымат

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүКрокус Сити Холлдогу теракттын курмандыктарын эскерүү акциясы
Крокус Сити Холлдогу теракттын курмандыктарын эскерүү акциясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2024
Жазылуу
Россиянын президенти Владимир Путин 24-мартты Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. "Крокус сити холлдо" болгон терактынын кесепетинен 152 адам жабыркаган, алардын бешөө — балдар. Бул тууралуу РФ ӨКМи билдиргенин РИА Новости жазды.

"Терактынын кесепетинен 285 адам (сегизи балдар) жаракат алса, алардын 133ү каза болгон (үчөө балдар). Ал эми 114 киши (төртөө балдар) медициналык мекемелерге жеткирилип, ооруканага жаткырылды", деп айтылат маалыматта.

22-март күнү кечинде Москванын жанындагы Красногорск шаарындагы "Крокус сити холл" залында концерт алдында ок атуу болуп, өрт чыккан. Залга камуфляж кийген бет капсыз бир нече адам кирип келип, адамдарды көздөй ок чыгарган. Ошондой эле жардыруучу каражаттарды ыргытышкан. Россиянын президенти Владимир Путин 24-мартты Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.
Россия мусулмандарынын Дин башкармалыгынын төрагасы, муфтий Равиль Гайнутдин. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2024
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Россиянын муфтийи терактыда адамдарды сактап калган Исламга сыйлык тапшырат
Жаңылыктар түрмөгү
0