2025-жылы Кыргызстанда айыл чарба тармагында каттоо башталат

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүАйыл чарба фермасында малды катоо жүргүзүп жаткан кызматкерер. Архив
Айыл чарба фермасында малды катоо жүргүзүп жаткан кызматкерер. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2024
Жазылуу
Ушул жылдын ноябрь айында айыл чарбасын каттоону Ош менен Чүй облусунун айрым айыл аймактарында сынамык иретинде өткөрүп көрүү пландалып жатат.
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Министрлер кабинети 2025-жылы Кыргызстандын айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
"Айыл чарба каттоосунда айыл чарбанын түзүмү жөнүндө маалыматтар чогултулат. 2025-жылдын 1-ноябрынан 20-ноябрына чейин мал жана үй канаттууларынын санын каттап, кайра санап чыгуу каралууда", — деп жазылат маалыматта.
Ушул жылдын 1-ноябрынан 20-ноябрына чейин Ош облусунун Араван району менен Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы айыл аймактарында сынамык иретинде каттоону өткөрүп көрүү пландалып жатканы кошумчаланды.
Өкмөт айыл чарбалык каттоонун субъектилерин санап берген. Аларга Кыргызстандын аймагындагы мамлекеттик жана жамааттык чарбалар, дыйкан (фермер) чарбалары, айыл чарба өндүрүшүн жүргүзгөн жеке ишкерлердин чарбалары жана жеке көмөкчү чарбалары (анын ичинде жамааттык бакчалар жана короолор) кирет.
Талаада иштетилип жаткан айыл чарба техникалары. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2024
Министрлик: дыйкандарга күйүүчү май базар баасынан төмөн сатылат
Жаңылыктар түрмөгү
0