"Росатом" өлкөдөгү уран казылган жерлерди калыбына келтирүүгө көмөгүн улантат

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевМиң-Куш айылындагы уран калдыктары көмүлгөн жай
Миң-Куш айылындагы уран калдыктары көмүлгөн жай - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2024
Жазылуу
РФтин мамлекеттик ири корпорациясы жана ТИМи Кыргызстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү.
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Россия уранды жана тоо кендерин иштеткенден кийинки аймактарды реабилитациялоо боюнча макулдашууга кол коет.
Россия менен Кыргызстандын өкмөттөр аралык кызматташуусу боюнча макулдашууну бекитүүгө РФтин өкмөт башчысы Михаил Мишустин кол койгон. Документ укуктук актылардын расмий порталына жарыяланган.
Макулдашуунун максаты — уран жана тоо кендери казылып, иштетилгенден кийин калган уулуу калдыктар көмүлгөн аймактарда жашаган элди коргоо жана өзгөчө кырдаалдын жаралып кетүүсүн алдын алуу.
Кыргызстандагы мындай аймактарда иштерди "Росатом" россиялык каражаттын эсебинен жүргүзөт. Ал эми Кыргызстан макулдашуунун алкагында жүргүзүлгөн иштер үчүн келчү товарларды, көрсөтүлгөн кызматтарды, муну менен катар республикада катталбаган россиялык уюмдар менен жеке жактарды салык жана башка төлөмдөрдөн бошотуу милдетин алат.
"Росатом" мамлекеттик корпорациясы жана ТИМи Кыргызстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, макулдашууга кол коймокчу.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда радиоактивдүү жана уулуу калдыктар көмүлгөн 92 жай бар.
ӨКМге караштуу Калдыктарды сактоо департаментинин бөлүм башчысы Бакытбек Асанкулов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2023
Радио
"Росатом" уран калдыктарын зыянсыздандырууга көмөктөшүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0