Баланы 1-класска каттоодо эмнени эске алуу керек? Кеңештер

© Sputnik / Табылды КадырбековМектептеги 1- класстын окуучулары. Архив
Мектептеги 1- класстын окуучулары. Архив   - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2024
Жазылуу
2024-2025-окуу жылына мектепке электрондук каттоонун 1-этабы 8-апрелде баштала турган болду.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги баланы 1-класска электрондук каттоодо эмнелерди эске алуу керектигин тизмектеди.
Белгилей кетсек, быйыл мектепке электрондук каттоонун 1-этабы 8-апрелде баштала турган болду. 8-апрелден 2-июнга чейин микроучастоктор боюнча каттоо жүрсө, экинчи этапта (3-июндан 30-августка чейин) жашаган жерине карабай катталууга мүмкүн болот.
Алгач https://mektep.edu.gov.kg сайтына кирип, башкы беттеги талаптарды аткарып, бош талааны толтурасыз. Арызды ата-эненин бири, мыйзамдуу өкүл толтурат. Арыз толтуруу нускамасы министрликтин сайтында видео менен түшүндүрүлгөн.
Балаңыздын жеке идентификациялык номерин билишиңиз шарт. Аны калкты тейлөө борборлорунан алса болот;
Баланы мектепке окуу жылынын башында 6 жашка толгондо гана каттатуу керек. Андан төмөн курактагы бөбөктөр кабыл алынбайт;
Жашаган жериңиз кайсы мектепке таандык экенин бул жактан билсе болот;
Бир эле учурда эки мектепти тандоого болбойт;
Эгер башка өлкөнүн жараны болсо, баланын Кыргызстанда катталган жеке идентификациялык номерин калкты тейлөө борборлорунан алуу керек;
Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болсо да калкты каттоо борборлоруна кайрылуу сунушталат.
Толук маалыматты Билим берүү министрлигинин сайтынан ала аласыздар.
Мектепте сабак учурунда отурган окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2024
Өкмөт мектептерди акырындык менен 12 жылдык окууга өткөрүү чечимин кабыл алды
Жаңылыктар түрмөгү
0