Стрельба в Крокус Сити Холле - Sputnik Кыргызстан, 1920
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
23-мартка караган түнү "Крокус сити холл" концерттик залында теракт болду. Белгисиз адамдар ок чыгарып, имаратта өрт башталган. ФСБ 40 адам каза таап, 100дөй киши жаракат алганын билдирди. Терак боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө комитети "Крокус" боюнча сегизинчи шектүүнү камоону сурады

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүБасман сотунда "Крокустагы" теракт боюнча сегизинчи шектүү Алишер Касимов
Басман сотунда Крокустагы теракт боюнча сегизинчи шектүү Алишер Касимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2024
Жазылуу
Концерттик залга кол салуу боюнча буга чейин жети шектүүнүн кармалганы маалымдалып, алардын аты-жөнү жарыяланган.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Россиянын Тергөө комитети "Крокустагы" теракт боюнча сегизинчи шектүүнү камоону Басман сотунан суранды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Касимов Алишер Хатамович боюнча материал келип түштү", — деп айтышкан соттон.

"Крокус сити холлдогу" теракт

Москва облусуна караган Красногорск шаарындагы Муслим Магомаев атындагы "Крокус сити холл" концерттик залына кол салуу 2024-жылдын 22-мартында кечинде болгон. Имаратка кирип келген куралчан төрт адам ошол жердеги элди ата баштаган. Андан сырткары, бир нече жерге от коюшкан.
Россиянын Тергөө комитетинин соңку маалыматтарына таянсак, 137 адам көз жумган, анын ичинен үчөө — балдар. Бул карагашалуу окуя боюнча кылмыш иши козголгон.
Теракт жасагандарды 23-мартта эртең менен автоунаа менен Украинанын чек арасына бара жатканда Брянск облусунан кармашкан. Алар Тажикстандын Далержон Мирзоев, Саидакрами Рачабализода, Шамсидин Фаридуни жана Мухаммадсобир Файзов аттуу жарандары экени айтылган. Дүйшөмбү, 25-мартта, ишке катышы бар деген шек менен дагы үч киши: Исроил Исломов, анын уулдары Аминчон жана Диловар кармалган.
Теракт жасалган күндүн эртеси Россия президенти Владимир Путинге 11 адамдын кармалганы боюнча маалымдашкан. Россия лидери терактыга катышы болгондордун бардыгы жазасын аларына убада берген.
Путин "Крокус сити холлго" радикалдашкан исламчылар кол салганын, анткен менен Москвага буюртманы ким бергени кызык экенин айткан. Россия лидери муну менен алардын коомчулукту дүрбөлөңгө салуу максаты коюлганын айтып, Россиянын алдында эми көп нерселерди аныктоо иштери турганын белгилеген.
Коркуста болгон терактыдагы куткаруучулар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2024
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Кыргызстандык Рустам "Крокуста" адамдарды кантип куткарышканын айтып берди
Жаңылыктар түрмөгү
0