28-мартка карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЖамгыр жаап жаткан кезде жолдуөтүп бара жаткан кыз. Архив
Жамгыр жаап жаткан кезде жолдуөтүп бара жаткан кыз. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2024
Жазылуу
28-мартка караган түнү Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Бейшембиде күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр, тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында +19...+24, Талас менен Баткен өрөөнүндө +18...+23, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +12...+17 градус жылуу болот.
Бул күнү Бишкекте кечке маал бир аз жамгыр жаайт. Күндүн табы борбор калаада +21...+23, Ошто +22...+24 градуска көтөрүлөт.
Өрүк гүлдөп жаткан жердин жанынан өтүп бараткан элдер. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2024
Күн катуу ысыйбы? Апрель айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0