Бишкекте апрелде эл аралык эки адистештирилген көргөзмө өтөт

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТурак жай комплексинин макети курулуш көргөзмөсүндө. Архив
Турак жай комплексинин макети курулуш көргөзмөсүндө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2024
Жазылуу
Ушул эле окуу жайда апрелдин аягында "Курулуш жана интерьер" көргөзмөсү өтөрү белгиленди.
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Бишкекте "Кыргызстандын саламаттык сактоо жумалыгы: MedExpo – 2024" аттуу эл аралык адистештирилген көргөзмө өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, иш-чара 2-4-апрелде Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында уюштурулмакчы.
Ушул эле окуу жайда 23-25-апрелде "Курулуш жана интерьер. KyrgyzBuild – 2024" көргөзмөсү өтөрү белгиленди. Ага Беларусь, Италия, Иран, Испания, Польша, Пакистан, Россия, Түркия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Түштүк Корея сыяктуу дүйнөнүн 13 өлкөсүнөн 156дан ашык компания катышары кошумчаланды.
Иштеп жаткан кызматкерлер. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2024
Бийлик 250 миң жумушчу орун түзүү боюнча программа иштеп чыкканы айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0