КРСУ өзгөчө статуска ээ болду. Макам университетке эмне берет

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүБишкек шаарындагы КРСУнун башкы имараты. Архив
Бишкек шаарындагы КРСУнун башкы имараты. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2024
Жазылуу
Университет үч жыл бою текшерүүлөрдүн бардык түрлөрүнөн бошотулат жана КРСУ келишимдерден гана эмес, илимий ишмердүүлүктөн да каржы табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргыз-Россия Славян университети өзгөчө статуска ээ болгонун окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, 20-мартта президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 18-июлундагы "Билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка өзгөртүүлөрдү киргизди.
Мындай өзгөртүүлөр каржылык, материалдык жана интеллектуалдык ресурстарды консолидациялоо, билим берүү уюмдарынын дүйнөлүк рыноктогу потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында киргизилген.
"Бул нерсе билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү ролун күчөтүүгө, Кыргызстандын ЖОЖдорунун аброюн жана эл аралык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк берип, Кыргызстан менен Россиянын билим берүү тармагындагы кызматташтыгын бекемдөөгө көмөктөшөт", — деп айтылат маалыматта.
Эки өлкөнүн жетекчилиги КРСУну өнүктүрүүгө өзгөчө маани берип жатканы белгиленди. Ректордун милдетин аткаруучу Денис Фомин-Ниловдун айтымында, университетте олуттуу модернизация күтүлүүдө. Өзгөчө статус өзүн-өзү каржылоого, мүлкүн эркин башкарып, инфраструктураны өнүктүрүү жана имараттарын жаңылоо үчүн Россиядан каражат тартууга шарт түзүүгө мүмкүндүк берет.
"Окуу жайда кадр маселелери өз алдынча каралат. Мындан сырткары, 3 жылга текшерүүлөрдөн (жыл сайын өтчү көз карандысыз аудитордук текшерүүдөн сырткары) бошотулат", — деп айтылат маалыматта.
Өткөн аптада Фомин-Нилов Россиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алардын колдоосуна ээ болгон. Университеттин жетекчилиги окуу жайдын кадыр-баркын жана билим сапатын калыбына келтирүүнүн үстүндө иштеп жатат.
Жетекчиликтин максаты – окуу жайды билим жана илимдин мыкты тажрыйбасынын көргөзмөсү кылуу.
Бишкек шаарындагы КРСУнун башкы имараты. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2024
КРСУ эл аралык деңгээлдеги мыкты адистерди тарбиялоого белсенип турат
Жаңылыктар түрмөгү
0