Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Тааныш адам экстремисттик идеяларды карманса эмне кылуу керек? ИИМдин жообу

© Sputnik / Акбар АкжигитовИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлү Ратбек Турусбеков
ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлү Ратбек Турусбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2024
Жазылуу
Милиция кызматкерлери тарабынан профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлүп, экстремизмге аралашкан адамдын аракетине юридикалык баа берилет.
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Эгерде жаран таанышы же жакын адамы экстремисттик көз карашты кармана баштаганын байкап, мыйзамсыз диний иштерге азгырылып кетиши мүмкүн деген шектенүү жаралса, муфтиятка кайрылса болот.
ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлү Ратбек Турусбеков Sputnik агенттигинде өткөн брифингде билдиргендей, жарандар жергиликтүү имамдарга да кайрыла алат.
"Бардык имамдар аттестациядан өткөн, диний жана светтик билими бар. Мындан тышкары, ИИМге электрондук форматта кайрылууга болот. Барып арыз жазуунун кажети жок. Биздин кызматкер профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүп, радикализмге аралашкан адамга юридикалык баа берет. Жарандар муфтиятка да кайрылууга укуктуу", — деди Турусбеков.
Экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча министрлер кабинетинин программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү Закир Чотаев Кыргызстанда экстремисттерди кайра социалдаштыруу боюнча программа бар экенин белгиледи.
"Экстремизмди теологиялык, укуктук жана психологиялык багытта алдын алууга болот. Элге исламдын негизги канондору, ошондой эле Кыргызстан биринчи кезекте светтик өлкө болуп, дин тутуу эркиндиги бар экендиги түшүндүрүлүүдө. Дин боюнча мамлекеттик комитеттин ишеним телефонун жандантуу зарыл", — деди Чотаев.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия башчысынын орун басары Замир Кожомбердиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2024
Пресс-борбор
Дин иштери боюнча комиссия экстремизмди алдын алуудагы жаңы ыкмаларды атады
Жаңылыктар түрмөгү
0