Стрельба в Крокус Сити Холле - Sputnik Кыргызстан, 1920
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
23-мартка караган түнү "Крокус сити холл" концерттик залында теракт болду. Белгисиз адамдар ок чыгарып, имаратта өрт башталган. ФСБ 40 адам каза таап, 100дөй киши жаракат алганын билдирди. Терак боюнча кылмыш иши козголду.

Мамдума "Крокуста" Ислам баш болуп эрдик көрсөткөн өспүрүмдөрдү сыйлады

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүМамдума "Крокуста" Ислам баш болуп эрдик көрсөткөн өспүрүмдөрдү сыйлады
Мамдума Крокуста Ислам баш болуп эрдик көрсөткөн өспүрүмдөрдү сыйлады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2024
Жазылуу
Балдарга ноутбук, ыраазычылык кат жана китеп берилген.
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Мамлекеттик Дума "Крокус сити холл" имаратынан элди сыртка алып чыгууга жардам берип, эрдик көрсөткөн өспүрүмдөрдү сыйлаганын РИА Новости жазды.
Ага ылайык, Мамдумада үй-бүлөнү коргоо боюнча комитеттин төрайымы Нина Останина Никита Иванов, Ислам Халилов, Артемий Филимонов, Виктория Волчихина, Александр Журик жана Елизавета Тереховага ноутбук белек кылган. Вице-спикер Анна Кузнецова аларга Ыраазычылык кат тапшырса, депутат Яна Лантратова Мамлекеттик Думанын белгилери бар калем сап жана күндөлүк тараткан. Ошондой эле балдарга Россия тууралуу китеп ыйгарылган. Эске салсак, Ислам Халиловдун ата-энеси Кыргызстандан. 15 жаштагы өспүрүм теракт учурунда имараттан 100дөй адамды сыртка аман-эсен алып чыккан.
Москва облусуна караган Красногорск шаарындагы "Крокус сити холл" концерттик залында теракт 22-мартта кечинде болгон. Тергөө комитетинин маалыматына караганда, кол салуудан 139 адам каза болуп, 182 киши жабыркаган. Бул ишке шектелип сегиз адам камакка алынды.
Крокус сити холл концерттик залынын имаратынын жанындагы стихиялуу мемориал - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2024
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Симоньян терактыда элди куткарган Ислам баштаган жети өспүрүмгө белек берет
Жаңылыктар түрмөгү
0