Баткенде мунайды кайра иштете турган ири завод курулууда. Сүрөт

© Фото / пресс-служба полпредства президента КР в Баткенской областиБаткенде мунайды кайра иштете турган ири завод курулууда
Баткенде мунайды кайра иштете турган ири завод курулууда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2024
Жазылуу
Завод быйыл июнь айында пайдаланууга берилмекчи. Толук кандуу иштей баштаганда 500 адам жумуш менен камсыз болору күтүлүүдө.
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Баткенде мунайды кайра иштете турган ири завод курулууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, облус башчысы Абдикарим Алимбаев курулуш иштеринен кабар алып, инвесторлор менен жолуккан. Белгилүү болгондой, заводду Кыргыз-түрк биргелешкен ишканасы иштетмекчи.
© Фото / пресс-служба полпредства президента КР в Баткенской области

Баткенде мунайды кайра иштете турган ири завод курулууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады

Баткенде мунайды кайра иштете турган ири завод курулууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады - Sputnik Кыргызстан
1/3

Баткенде мунайды кайра иштете турган ири завод курулууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады

© Фото / пресс-служба полпредства президента КР в Баткенской области

Билдирмеге караганда, облус башчысы Абдикарим Алимбаев курулуш иштеринен кабар алып, инвесторлор менен жолуккан

Билдирмеге караганда, облус башчысы Абдикарим Алимбаев курулуш иштеринен кабар алып, инвесторлор менен жолуккан - Sputnik Кыргызстан
2/3

Билдирмеге караганда, облус башчысы Абдикарим Алимбаев курулуш иштеринен кабар алып, инвесторлор менен жолуккан

© Фото / пресс-служба полпредства президента КР в Баткенской области

Белгилүү болгондой, заводду Кыргыз-түрк биргелешкен ишканасы иштетмекчи

Белгилүү болгондой, заводду Кыргыз-түрк биргелешкен ишканасы иштетмекчи - Sputnik Кыргызстан
3/3

Белгилүү болгондой, заводду Кыргыз-түрк биргелешкен ишканасы иштетмекчи

1/3

Баткенде мунайды кайра иштете турган ири завод курулууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады

2/3

Билдирмеге караганда, облус башчысы Абдикарим Алимбаев курулуш иштеринен кабар алып, инвесторлор менен жолуккан

3/3

Белгилүү болгондой, заводду Кыргыз-түрк биргелешкен ишканасы иштетмекчи

"Объект Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында курулуп жатат. Заводдо АИ-92, АИ-95 бензини, дизель, битум, газ сыяктуу автоунаа жана башка техникаларга керектеле турган май чыгарылмакчы. Ал жакка мунай "Кыргызтранснефтегаз" ишканасы менен түзүлгөн келишимдин негизинде Бүргөндү аймагынан ташылат. Завод күнүнө 500 тонна нефтини кайра иштетүүгө ылайыкташкан", — деп жазылат маалыматта.
Мунай иштетүүчү жайдын курулушу 2021-жылы башталганы айтылып, быйыл июнь айында пайдаланууга берилери кошумчаланды. Толук кандуу иштей баштаганда 500 адам жумуш менен камсыз болору күтүлүүдө. Ишкананын башкы директору Чыңгызбек Тешебаев заводдун эки этабынын сметалык баасы 39 миллион долларды түзөрүн белгилеген.
Курулуп жаткан Терек-Таш цемент заводу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2024
ТЭЦтен чыккан күлдү кайра иштетүүчү Чүйдөгү завод августта ишке кирет
Жаңылыктар түрмөгү
0