Борбор Азия аркылуу өткөн маршруттардын кадыры артууда. Кыргызстандын орду

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүү"Забайкальск" эл аралык өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар. Архив
Забайкальск эл аралык өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2024
Жазылуу
Россиялык эксперт дүйнөлүк соодада Борбордук Азиянын улам өсүп бара жаткан ролунун негизги аспектилерин тизмектеп берген.
Ири экспортерлордун көңүлүн Борбор Азия эмнеси менен бурууда? Кандай мүмкүнчүлүктөр менен чакырыктар бар? Ушул жана башка бир катар суроолорго Россия Илимдер академиясына караган Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунун Борбор Азия секторунун башчысы Станислав Притчин жооп берди.
— Борбордук Азия аркылуу өткөн транспорттук коридорлордун кандай артыкчылыгы бар? Ири экспортерлор эмнеге кызыгууда?
— Транспорттук коридорлор Борбор Азиянын айланасындагы оюнчулар үчүн өтө чоң атаандаштык жарата турган, айрым учурда чыр-чатактын чыгышын шарттаган тармак болуп саналат. Аталган регион суу үстүндөгү транзиттик маршруттар түзүлгөнгө чейин эле Кытайды, Тынч океан аймагын Европа менен байланыштырган орчундуу звено болуп калган. Бул — тарыхый факт. Учурда сооданын арбын бөлүгү деңиз аркылуу жүрөт, анткен менен каракчылык, экологиялык жана климаттык өзгөрүүлөр, ошондой эле Панама коридору сыяктуу бир топ кыйынчылыктар бар.
Демек, альтернативага, коопсузураак, ишенимдүү маршруттарга суроо-талап дайым болуп келген. Кытайлыктар Россия жана Европа менен соода кылууда Борбор Азиянын кургактагы көпүрө экенин жакшы түшүнөт. Бирок бул көпүрө кайсы маршрут, кайсы өлкөлөр аркылуу өтүшү керек деген суроо ачык бойдон калып келүүдө.
© Sputnik / Жоомарт УраимовРоссия Илимдер академиясына караган Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунун Борбор Азия секторунун башчысы Станислав Притчин
Старший научный сотрудник Центра постсоветских исследований Национального исследовательского института мировой экономики и международных отношений Российской академии наук, кандидат исторических наук Станислав Притчин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2024
Россия Илимдер академиясына караган Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунун Борбор Азия секторунун башчысы Станислав Притчин
— Борбор Азиянын кайсы өлкөсү транзиттик потенциалын ийгиликтүү өнүктүрүп жатат?
— Мамлекеттердин баары транзиттик мүмкүнчүлүгүн болушунча майнаптуу пайдаланууга умтулуп келет. Ошентсе да Казакстан бул жаатта лидер. Биринчиден, Каспий деңизине чыга алат, экинчиден, Россия менен узакка созулган чек арасы ар тараптан РФтин транспорттук инфраструктурасын колдонууга жол ачат. Учурда Казакстан жүгүн өлкө ичине да, Россия менен Евробиримдик аркылуу транзит менен ташууда да өз потенциалын абдан жакшы пайдаланууда.
Борбор Азиянын башка мамлекеттери үчүн бул жаатта кыйынчылыктар бар. Казакстан менен Кыргызстан башынан эле Кытайдан келчү товардын транзити боюнча атаандашып келет. Казакстан азыр иштеп жаткан "Достык" менен "Хоргос" өткөрүү бекеттерине кошуп үчүнчүсүн курууда. Кыргызстан өзү аркылуу Кытайдан канча жүк өтөрүн эске алып, атаандаштыкка туруктуулугун сактап калышы зарыл.
— Кыргызстан Өзбекстан менен байланыштыруучу темир жол куруп Кытайдан бери карай маанилүү транзиттик түйүн болуп калууну көздөп жатат. Бирок эмнегедир бул долбоор жай жүрүүдө...
— Менимче, Кыргызстан өзүнүн аймагы аркылуу өткөн долбоорлордун баарын колдоп, кыйла прагматикалык позицияны карманып турат. Бирок Бишкек Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун эксклюзивдүү маршрут эле эмес, ички өндүрүүчүлөр үчүн мүмкүнчүлүк катары да көрүп, түндүк инфраструктурасын аталган магистралга айкалыштырууну көздөп жатат. Маселе ушунда. Бирок бул — сүйлөшүүлөрдү татаалдаштырганы менен туура позиция.
Ал эми Кытай товарын Өзбекстанга болушунча тез жеткире турган маршруттук коридорго кызыкдар. Кыргызстан аталган темир жолдун өзүнө тиешелүү бөлүгүн куруп бүтүрүү үчүн насыя алышы керек болот, анткени каражаттын көп бөлүгүн Бишкек чыгарышы керек. Анткен менен Кытай да, Өзбекстан долбоорду биргелешкен иш катары караган жок, ар кимиси өз тилкеси үчүн гана жоопкер.
Алгач бул долбоорго төртүнчү болуп Россия кошулушу керек болчу, бул Кыргызстандын жүгүн кыйла жеңилдетмек. Россия темир жолдорунун курулуш жана инвестиция боюнча компетенциясы күн тартибине кирген. Мындай жагдай жаңы мүмкүнчүлүктөрдү тартуулап, россиялык насыя линиясынын кирешелүүлүгүн арттырмак.
Бирок Кытай ири долбоорлорду өзүнүн көзөмөлдөшүн каалайт, бул тышкы карызынын басымдуу бөлүгүн кытай насыясы ээлеген Кыргызстан үчүн кыйынчылык жаратат. Дүйнөдөгү кырдаалдан улам Кыргызстандын каражат табуу мүмкүнчүлүгү чектелүү. Балким, долбоорго Кыргызстанга өнөктөш иретинде Россияны кошуу жагын кайра карап көрүү оң болмоктур.
Брюсселдеги Евросоюздун штаб-квартирасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2024
Евробиримдиктин Чыгышка бет алган себеби. Евразиядагы коопсуздуктун жаңы контуру
— Россия ушу тапта газ жөнөтчү багытын өзгөртүп жатат. Көгүлтүр от Борбор Азияга келиши мүмкүнбү?
— Россия менен Өзбекстандын ортосунда "газ союзун" түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Россия газ жеткирип эле тим болбостон, Кыргызстандагыдай Өзбекстандын газ-транспорттук системасынын оператору болууну да сунуштоодо. Бирок Өзбекстан жетекчилиги Кыргызстандын ийгиликтүү тажрыйбасына карабай оң жооп бере элек.
Өзбекстанда акыркы жылдары газ өндүрүүнүн көлөмү басаңдай түштү, мындан ары деле азая берет. Тармак республикада иштеген россиялык "Газпром" жана "Лукойл" сыяктуу компаниялардын салган инвестициясынын эсебинен өнүгүп келген. Булар — стратегиялык инвесторлор. Демек, "Газпромсуз" жана азыркы шартты эске алуу менен Орто Азияда газ-транспорт системасын өнүктүрүү оор маселе болуп турат. Алгач Өзбекстанга 2,8 миллиард куб метр жөнөтүү каралган болсо, азыр мүмкүнчүлүктү 11 миллиардга, келечекте 15-16 миллиард куб метрге жеткирүү тууралуу сөз болууда.
Кыргызстанга мунун таасири канчалык? Россиялык газды Өзбекстан аркылуу алууга жаңы мүмкүнчүлүк жаралат. "Газпром" үчүн да пайдалуу, Өзбекстанда иштөө менен Кыргызстанга газ жеткирүүнүн туруктуулугу артат. Анткен менен инфраструктуранын өнүгүүсүн да көз жаздымда калтырбоо кажет, себеби газды ири көлөмдө кабыл алууда тиешелүү колдоо зарыл, завод-фабрикалар, ТЭЦтер курулушу керек.
Бул жаатта Астананын тажрыйбасы жакшы. Казакстанда "Газпром" транзитёр катары эле эмес, өлкөнүн газ-транспорттук системасы менен энергетикалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө да инвестиция салып келет. Россия Борбордук Азиянын экономика эле эмес эмес, коопсуздук тармагынын да, ошондой эле региондогу энергетикалык туруктуулугунун маанилүү инвестору жана кепили бойдон калууда.
Президент Садыр Жапаров China State Railway Group компаниясынын башкы директорунун орун басары Ван Тунцзюнду кабыл алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2024
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча компания түзүү пландалууда
Жаңылыктар түрмөгү
0