Кыргызстандын балбандары Азия чемпионатына даярданып, Москвада машыгууда

© Sputnik / Абзал КалиевБалбандар күрөш учурунда. Архив
Балбандар күрөш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы Азия чемпионатына жана эл аралык мелдештерге даярдык көрүп, Москвада машыгып жатышат. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Балбандардын эл аралык окуу-машыгуу жыйыны 22-мартта башталган, 3-апрелге чейин уланат.
Курама команданын тизмеси:
55 килограмм — Улан Муратбек уулу;
60 килограмм — Жоламан Шаршенбеков, Акыл Сулайманов;
63 килограмм — Дастан Кадыров;
67 килограмм — Амантур Исмаилов, Раззак Бейшекеев;
72 килограмм — Адилхан Нурланбеков;
77 килограмм — Алибек Бердиев;
82 килограмм — Бекзат Орункул уулу;
87 килограмм — Асан Жанышов, Азат Салидинов;
97 килограмм — Үзүр Жусупбеков, Бексултан Махмудов;
130 килограмм — Роман Ким;
улук машыктыруучу — Улукбек Карачолоков;
башкы машыктыруучу — Азат Эркимбаев;
массажист — Улукбек Кыдыкеев;
дарыгер — Данияр Мурасалиев.
Футзал боюнча мелдеш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2024
Бишкек менен Ошто спорттун 16 түрүнөн студенттер чемпионаты өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0