Майлуу-Суу: окуучудан кургак учук чыкканын убагында айтпаган медикке айып салынды

© AFP / NOAH SEELAMДарыгер бейтаптын рентгенин текшерип жатат. Архив
Дарыгер бейтаптын рентгенин текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2024
Жазылуу
Мектептин администрациясы өз убагында карантиндик чара көрбөй, билим берүү мекемеси кеч дезинфекцияланган.
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Майлуу-Суу шаардык прокуратурасы окуучулардын ден соолугуна жоопкерчиликсиз мамиле кылган фактыны аныктаганын прокурордун жардамчысы Нурайым Катаганова билдирди.
Анын айтымында, шаардагы №1 мектептин 11-классынын окуучусу №3 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагы дарыгерге кайрылган. Ага чейин 5-мартта кыз рентгенге түшүп, анда аппарат "өпкөнүн кургак учугу, анын ачык түрүнө шектенүү" диагнозун көрсөткөн.
"Б.Ф. аттуу дарыгер рентгендин диагнозун көргөнү менен бул тууралуу Ноокен райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Майлуу-Суу шаардык бөлүмүнө шашылыш билдирүү жиберген эмес. 29-февралда дарыгер ушул кыздын жогуна карабай энесине эмгекке жарамдуу экенин тастыктаган документ жазып берген. Буга байланыштуу 20-мартта Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасы тарабынан административдик укук бузуу фактысы боюнча иш козголуп, үй-бүлөлүк дарыгерге 10 миң сом айып салынды", — деди Катаганова.
Мындан тышкары, мектептин администрациясы карантиндик чараларды өз убагында көрбөгөнү, билим берүү мекемеси кеч дезинфекцияланганы аныкталган.
Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2024
Радио
Кыргызстанда кургак учуктан көз жумгандардын саны 10 эсе кыскарды
Жаңылыктар түрмөгү
0