Россияда КМШдагы адам сатуу, террорчулук менен күрөшүү боюнча жыйын өттү

© Фото / пресс-служба МПА СНГСанкт-Петербургда КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын коопсуздук чөйрөсү
Санкт-Петербургда КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын коопсуздук чөйрөсү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2024
Жазылуу
Жыйында терроризмге каршы күрөшүү боюнча мыйзам долбоорлору талкууланган.
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Санкт-Петербургда КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирип, жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу боюнча биргелешкен комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу уюмдун аткаруу комитети билдирди.
Жолугушууда "Мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө", "Ыкчам чалгындоо иши жөнүндө", "Автономдук жана роботтук системаларды террористтик жана экстремисттик максаттарда колдонууга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзам долбоорлору талкууланган.
КМШ ПААнын Коргоо жана коопсуздук боюнча туруктуу комиссиясынын жыйыны Таврид сарайында болуп, анда катышуучулар терроризмге каршы күрөш жаатында КМШ өлкөлөрүнүн чек ара ведомстволорунун ишин жакшыртуу боюнча сунуштамалардын долбоорун иштеп чыгышкан.
Ошондой эле "Ыкчам-иликтөө иши жөнүндө" мыйзамдын концепциясы, КМШда адамдарды сатууга байланышкан кылмыштарды аныктоо, эсепке алуу жана каттоо боюнча сунуштамалардын долбоорлору, "Навигациялык камсыздоо жөнүндө" мыйзамдын концепциясы жактырылган.
КР президенти Садыр Жапаров 



 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2024
Садыр Жапаров Афганстандагы эң башкы үч көйгөйдү атады
Жаңылыктар түрмөгү
0