Вьетнамдагы согушта АКШнын жеңилгенине 51 жыл болду. Тарыхый видео

Жазылуу
1973-жылдын 29-марты — Американын аскердик тарыхындагы беделине болуп көрбөгөндөй доо кеткен даталардын бири. Дал ушул күнү АКШнын армиясын Түштүк Вьетнамдан чыгарып кетүү аяктаган.
Согуш расмий түрдө ага эки ай калганда аяктаган. Тагыраагы, Парижде 1973-жылдын 27-январында Вьетнамдагы согушту токтотуу боюнча макулдашууга кол коюлган.
Тарыхка кайрылсак, 1964-жылы августтан тарта Вьетнамдагы чатакка АКШнын армиясы түздөн-түз катыша баштаган. Бул аралыкта химиялык куралдарды, термобарикалык жана мунайдан жасалган күйүүчү снаряддарды кеңири пайдаланганын кошпогондо, америкалык күчтөр Вьетнамга 7 миллион бомба таштаган.
Согуш учурунда Вьетнам 966 миңден тарта 3,35 миллионго чейинки сандагы адамынан ажыраган, булардын эки миллиону жай жарандар болгон. Ал эми АКШнын адамдык жактан жоготуусу 58 миң кишиден ашкан.
Тема боюнча:
30 жылга созулган Вьетнам согушуна катышып келген Курсан Мадинов. Видеомаек
Жаңылыктар түрмөгү
0