31-мартка карата аба ырайы

© AFP / FEDERICO GAMBARINI / DPAЖаан алдында зымга тизилип конгон көгүчкөндөр. Архив
Жаан алдында зымга тизилип конгон көгүчкөндөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2024
Жазылуу
31-мартка караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. 31-мартта өрөөндөрдө жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +7...+12, Талас, Ысык-Көл аймактарында +5...+10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +12...+17, Нарын жергесинде +3...+8 градус жылуу болот.
Борбор калаада жана Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күндүн табы Бишкекте +9...+11, Ошто +15...+17 градуска чейин көтөрүлөт.
Суу ташып бара жаткан киши. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2024
2-апрелде Бишкектин айрым жерлеринде суу жок болот. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0