Россия менен Кыргызстан террорчулукка биргеликте каршы турат

© Фото / пресс-служба МИД КРБишкекте КРнын жана РФтин ТИМ башчыларынын орун басарлары жолугушту
Бишкекте КРнын жана РФтин ТИМ башчыларынын орун басарлары жолугушту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2024
Жазылуу
Бишкекте эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин орун басарлары жолугушту.
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Россия террорчулукка биргеликте каршы турат. Бул тууралуу Россия ТИМи билдирди.
Бишкекте эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин орун басарлары Александар Грушко менен Айбек Молдогазиев Борбор Азия жана андан тышкаркы чөлкөмдөрдөгү абал, Европадагы жагдай тууралуу пикир алышты.

"Борбор Азиядагы туруктуулукту сактоодо, радикализм, террорчулук, баңгизатты мыйзамсыз өндүрүү жана айландыруу боюнча мамлекеттер аралык кооптуулукка каршы турууда аймактардын күчүнүн артыкчылыктары белгиленди. Ошондой эле ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУнун ролун арттыруу, бул уюмдар алкагында өз ара алакаларды бекемдөө талкууланды", — деп айтылат маалыматта.

Тараптар аймактык жана европалык коопсуздук көйгөйлөрү боюнча тыгыз диалогду улантуу ниетин бекемдешти.
Биологиялык коопсуздуктун белгиси. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2024
Пресс-борбор
Кыргызстан Россия менен биокоопсуздук жаатында кызматташуудан эмне табат?
Жаңылыктар түрмөгү
0