1-апрелге карата аба ырайы

© Sputnik / Акбар АкжигитовБишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакта аял менен кызы тыйын чычканга жаңгак берип жатышат
Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакта аял менен кызы тыйын чычканга жаңгак берип жатышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2024
Жазылуу
1-апрелге караган түнү Ысык-Көл менен Нарын облусунун айрым жерлеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт.
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Дүйшөмбүдө республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Баткен өрөөнүндө +11...+16, Талас жергесинде +10...+15, Ош, Жалал-Абад облустарында +13...+18, Ысык-Көлдө +7...+12 жана Нарын жергесинде +6...+11 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +14...+16, Ошто +15...+17 градуска көтөрүлөт.
Жаан учурунда кол чатырчан бара жаткан аял. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2024
Апрелдин алгачкы жумасында аба ырайы кандай болору айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0