2-апрелге карата аба ырайы

© Sputnik / Акбар АкжигитовЧөптүн үстүндө отурган тыйын чычкан
Чөптүн үстүндө отурган тыйын чычкан  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2024
Жазылуу
2-апрелге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. 2-апрель, шейшембиде, республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +14...+19, Талас аймагында +12...+17, Ош, Жалал-Абад облустарында +17...+22, Баткенде +16...+21, Ысык-Көлдө +8...+13, Нарын жергесинде +10...+15 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте +17...+19, Ош шаарында +20...+22 градуска чейин көтөрүлөт.
ӨКМдин куткаруучулары. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2024
ӨКМ казак кесиптештерине селдин кесепетин жоюуга жардам сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0