Чаткалда кенде иштегендерге салык салган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРЧаткалда кенде иштегендерге салык салган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
Чаткалда кенде иштегендерге салык салган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2024
Жазылуу
Кармалган адам кримчөйрөдө Таранчы каймана аты менен белгилүү.
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Ош шаарындагы аэропортто кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун Н.Н.К. аттуу активдүү мүчөсү кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Н.Н.К. кримчөйрөсүнө Таранчы каймана аты менен белгилүү.
"Ал Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районундагы тоо-кен фирмаларынын жумушчуларын коркутуп, салык салып жүргөн. Ага карата опузалоо фактысы боюнча иш козголуп, тиешелүү ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.
УКМК уюшкан кылмыштуу топтун аталган мүчөсүнөн буга чейин жапа чеккен адамдар болсо кайрылууну өтүндү.
Таласта Көлбаевдин эки кишиси кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2024
"Орозо бүтсүн, колу-бутуң сынат". Таласта Көлбаевдин эки кишиси кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0