Товарларды бажы төлөмү жок ташып келүү босогосу өзгөрдү. Баа кандай болот?

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүБажы көзөмөлүнүн зонасындагы кампа. Архив
Бажы көзөмөлүнүн зонасындагы кампа. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2024
Жазылуу
Жеке колдонуу үчүн товарларды пошлинасыз ташып келүүнүн босогосу өзгөрүп, бажы төлөмдөрү ЕЭК кеңешинин чечимине ылайык алына баштады.
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. 1-апрелден тарта жеке колдонуу үчүн товарларды бажы алымсыз ташып келүүнүн босогосу өзгөрдү. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, чет элдик интернет-дүкөндөрдөн товарга буйрутма берген жарандарды колдоо максатында убактылуу жеңилдиктер киргизилген. Ага ылайык, 2022-жылдан бери интернет-дүкөндөрдөн буюртма кылган товарлардын баасы 1000 евродон ашпаса пошлина төлөнчү эмес. 1-апрелден тарта бул жеңилдик алып салынды.
Мындан ары учактан башка транспорт менен ташылган товардын наркы 500 евродон жана/же 25 килограммдан ашпаса бажы төлөмү алынбайт. Эгерде ашса товардын наркынан 30 пайызын төлөйт, анткен менен суммасы килограммына төрт евродон ашпашы шарт.
Ал эми почта же экспресс-жүк аркылуу алынган пошлинасыз товарлардын баасы 200 евродон жана/же 31 килограммдан ашпашы керек. Мындан жогору суммада же салмактагы товар үчүн анын наркынан 15 пайызы алынат, бирок килограммына эки евродон ашпашы керек.
Товар жуктөп жаткан кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2024
1-апрелден тарта товарларды бажы төлөмү жок ташып келүү босогосу өзгөрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0