Бишкектин борбордук көчөлөрүнөн маршруткалар алынат. Тизме

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкек шаарынын Киев көчөсүндө бара жаткан маршруткалар. Архив
Бишкек шаарынын Киев көчөсүндө бара жаткан маршруткалар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2024
Жазылуу
Жакынкы аралыкта Бишкек шаарында бардык кичи автобустар толугу менен автобустарга алмаштырыла турганы белгиленди.
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнөн маршруткалар алынат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Максаты — калаанын борбордук бөлүгүн бошотуу.
Ахунбаев — 7-Апрель (Курманжан датка) көчөлөрү – Чүй — Манас проспектилери менен чектелген аймактан кичи автобустар чыгарылып, анын ордуна автобустар каттамга чыгат.
Көчөлөрдү кичи маршруттук каттамдардан бошотуунун биринчи этабы 10-апрелден тарта башталат. Алар: № 111, 118, 130, 134, 135, 136. Транспорттун жалпы саны — 135.
Экинчи этап 10-майдан башталат. Анын алкагында 159 даана маршрутка шаар сыртына чыгарылат. Алар: №138, 163, 192, 202, 207, 220.
Үчүнчү этап 1-июнда башталат: № 224, 234, 243, 246, 257, 258, 275. "Жүргүнчүлөрдү ташуу бирикмеси" муниципалдык ишканасынын №150, 143, 131, 117, 112, 101, 164, 179, 185, 201, 211, 223, 227, 230, 240, 250, 252, 260, 285, 295 каттамдары алынат. Мында жалпысынан 589 транспорт чыгарылат.
"Жакынкы аралыкта Бишкек шаарында бардык кичи автобустар толугу менен автобустарга алмаштырылат. Кичи автобустардын айдоочулары муниципалдык автобустун айдоочусу болуп ишке орношсо болот. Бирок окуудан өтүү керек. Анын мөөнөтү иш стажына жараша аныкталат", — деди мэрия.
Маалымат үчүн: автобустардын сыйымдуулугу – 76 адам, маршруткалардыкы – 12-18 адам. Автобустардын сыйымдуулугу төрт эсеге көп.
Тазалык муниципалдык ишканасын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2024
Бишкекте таштанды ташыган оор техникага айдоочулар керек. Айлыгы
Жаңылыктар түрмөгү
0