"Торугарт" менен "Эркеч-Там" бекеттери убактылуу жабылат

© Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер Алиев"Эркеч-Там" бекети. Архив
Эркеч-Там бекети. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2024
Жазылуу
Кытайда маркумдарды эскерүү күнү белгиленмекчи.
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Кытай чек арасындагы "Торугарт" менен "Эркеч-Там" бекеттери убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, өткөрмө бекеттерди жабуу Кытай тараптын демилгеси.
"Кытайда Цинмин — маркумдарды эскерүү күнүнө карата "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү бекеттери 4-апрель күнү жабык болот. Транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 5-апрелде калыбына келтирилет", — деп айтылат маалыматта.
Торугарт өткөрүү пунктун кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2024
"Торугарт", "Эркеч-Там" бекеттеринде бажычылар күнү-түнү иштей баштады
Жаңылыктар түрмөгү
0